"Кристалл" заводу кайрадан аукционго коюлат

Экономика министрлиги Таш-Көмүрдөгү кристталл чыгаруучу "Кристалл" АККын үчүнчү жолу сатыкка коет. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, аукционду өткөрүүгө уруксат алуу үчүн өкмөткө кат жөнөтүлдү.

Эске салсак, заводду RICHE KG компаниясы сатып алууга ниетин билдирген. Англиялык инвесторлор Кыргызстанга келип, заводду сатып алуу ишине эки ай ичинде чекит коюуга сөз бирешкен. Бирок дагы деле болсо келе элек.

Жума башында 8-октябрда Экономика министрлиги эгер RICHE KG комапаниясы ушул жумада келбесе, анда министрлик ишкананын максаттуу сатылышы тууралуу маселени көтөрөрүн "ВБ"га билдирген.

RICHE KG компаниясы менен сүйлөшүүлөр улантылып атабы же жокпу Сариев тактаган жок. Министр болгону кызыктар тараптын бардыгы менен иштешүүгө даяр экенин гана белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД