Кулов: Жаңы келген премьер-министр өкмөттүн курамын алмаштыра бербеши керек

"Ар бир жаңы келген премьер-министр өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн өкмөттүн курамын алмаштыра бербеши керек", -деп "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында анын лидери Феликс Кулов билдирди.

Анын айтымында бүгүн курамды талкуулоо учурунда дискуссия болгон.

"Өкмөттүн курамы боюнча бардык сунуштар чогултулду. Сөз өкмөттүн курамын оптимизациялоо тууралуу болуп атат. Азырынча кандайдыр бир так чечим жок. 120 депутаттын пикири да эске алынат, андан кийин гана өкмөттүн курамы жөнүндө долбоор коалициянын кеңешине алынып чыгат жана анын чечими менен өкмөттүн курамына сунуштар берилет", - дейт Кулов.

Ал ошондой эле өкмөттүн курамын өзгөртүүгө жаңы коалициянын жана премьер-министрдин конституцияда укугу болгондуктан аларга тыюу салбаш керек деп кошумчалады.

"Сөз эффективдүү иштеген жана беш жыл аралыгында олуттуу өзгөрүүнү талап кылбаган өкмөттүн курамын түзүү тууралуу болуп атат. Көпчүлүк коалициянын жана жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен бардык нерсе талкаланбашы керек. Артыкчылык берилиши керек", - деди Кулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД