Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына дагы 4 партия арыз берди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) дагы 4 партиянын ишенимдүү адамдары арыз беришти. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Алар: Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого катышуу үчүн СССР ("Союз свободы, справедливости и родина"), "Ар-Намыс", "Адилеттүү Кыргызстан", "Ыйман нуру" саясый жана өнүгүү партиясы".

Эске салсак, 13 партияынын арызы каралды. Алар: "Ата Мекен", "Республика", "Мекен Ынтымагы", КСДП, Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы, "Столица", "Акшумкар", "Жашылдар партиясы", "Тоскоолдуксуз жашоо", "Замандаш-Современник", "Эгемен Кыргызстан" партиялары.

Маматов каттоонун акыркы күнү болгон 15-октябрда катталган партиялар талапкерлердин тизмесин бере турганын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоолорду 25-ноябрга белгилеген.

Боршайкомдон билдиргендей, шайлоо дагы 24 шаарда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД