Оор оорулуулардын 60 пайызы дарты өтүшүп кеткенден кийин кайрылат

Ооруканага кайрылган бейтаптардын 60 пайыздан ашыгы дарты өтүшүп кеткенден кийин кайрылат. Бул тууралуу паллиативдик жардам тууралуу болгон маалымат жыйында улуттук паллиативдик жардам боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору Роза Жыргалбекова билдирди.

Анын айтымында бейтаптар "өлгөнү" келишет.

"Ошол эле убакта бул адамдарга татыктуу жашоого шарт түзүү мүмкүн. Оорунун синдромун жашыруу бул кыйноо менен барабар. Бул көйгөй эчак эле бышып жетилген", - дейт Жыргалбекова.

Ал министрлик бейөкмөт уюмдар менен чогуу бул көйгөйдүн үстүндө иштеп атканын белгиледи. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ иштеп атат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бишкекте өтө оор оорулуулар жана өлүм өтө жогору экенин белгиледи. Анын айтымында биринчи жолу 2012-жылы 4 526 оорулуу аныкталып, анын 2 776сы каза болгон. Каза болгондордун 1 061и Бишкекке туура келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД