Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорлугуна 18 талапкер бар

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт агенттигинин директорлугуна талапкерлердин саны 18ге жетти. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк булактардан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, талапкерлердин болжолдуу тизмесинде бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров, Кыргызстандын кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов жана оор атлетика боюнча Азия чемпиону Улан Молдодосов бар.

Эске салсак, буга чейин талапкерлердин тизмесине Алмас Касенов, Умбеталы Кыдыралиев жана Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Таалай Масабиров жана ведомствонун учурдагы жетекчиси Байгазы Кенжебаев кирген болчу. Кенжебаев бул кызматка ушул жылдын 19-январында дайындалган болчу.

Кенжебаевге чейин агенттикти Кыдыралиев башкарган, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин директор болуп Алмас Касенов жетектеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД