2012-жылдын 8 айында Кыргызстандын экспорту 22,5 пайызга кыскарган

Кыргызстандагы товар экспорту 2012-жылдын январь-август айында $969,6 млн болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77,5 пайызды гана түзгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде экспорт 22,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Ал эми импорттун көлөмү 30,4 пайызга көбөйүп, ал $3 млрд 275,9 млн түзгөн. 2012-жылдын январь-август айы ичинде товардын көлөмү 36, 1 пайызга жогорулаган.

Улуттук статистикалык комитети 2011-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү азайышынын себебин алтындын 2,7 эсе аз экспорттулушу менен түшүндүрөт. Бирок, алтын көлөмүнүн экспорттолушун эсепке албаганда экспорттун көлөмү 24,6 пайызга көбөйгөн. Өзгөчө текстиль товарлары 18 пайыз жана тамак-аш экспорту 9,8 пайызга өскөн.

Ал эми импорттун көлөмү 30,4 пайызга көбөйгөн. Транспорттук каражаттарды алып келүүдөн 1,8 эсе, машина жана жабдыктарды алып келүүдөн 33,7 пайызга, ошондой эле минералдык продуктулардыкы 28,6 пайызга жогорулаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД