Оштогу митинг учурунда милициянын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Оштогу митинг учурунда милицияны сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштогу коомдук абал тынч. Шаар ичинде жана борбордук аянтта камалган депутаттарды колдоп митингге чыккандар же ачкачылык жарыялагандар жок.

Ош шаардык ИИБдин иликтөө бөлүмү бийлик өкүлүнө карата болгон кордоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалым болгондой, 11-октябрдагы митинг учурунда кайым айтышуудан ИИБдин беш офицери денесинен жараат алган. Жабыр тарткандар Ош шаардык нейрохирургия бөлүмүнө кайрылышкан.

ИИБдин тергөө бөлүмү тартылып алынган фото-видео материалдарды карап, күбөлөр суралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД