Кыргызстандын 397 айылы ичкенге сууну арыктардан алат

Өлкөнүн 397 айылынын тургундары ичүүчү сууну ачык булактардан алат. Бул тууралуу Таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинин директору Аскар Токтошев таза суу менен камсыз кылуу системасынын абалы жана аны чечүүнүн жолдору аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, 1 млн 080 киши жашаган 533 айылда таза суу менен камсыз кылуу системасы оңдолуп кайтадан курулган. Ага 2 млрд 509 миң сом корогон.

Ал ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы башкаруу моделинин жаңы долбоору иштелип чыкмайын 30 млн долларлык долбоорду каржылоону токтоткон. Долбоорлорду ишке ашыруу бир гана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда ($11,5 млн).

Токтошев түзүлгөн комиссия тарабынан кетирилген калпыстыктар аныкталганын айтат. 18 объект боюнча комиссия чыгарган жыйынтыктар башкы прокуратурага берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД