Сатыбалдиев кышкыга көмүрдү жетиштүү даярдадык деген отчеттордон шек санады

"Мен силердин отчетторуңардагы сандарга ишенгим келет. Бирок менде силердин эки жумада ушунча көмүрдү камдаганыңарга шегим бар", - деген оюн өкмөттүн аймактагы өкүлдөрүнө жана министрлерге Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Бүгүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча өкмөттүн селектордук жыйыны өтүүдө.

Буга чейин министрлер жылуулук берүү сезонуна даяр экендиктерин, анын ичинде көмүрдү сатып алуу ойдогудай экенин айткан.

Премьер-министр жетекчилер даярдык боюнча айтылган ар бир санга жооп берерин эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД