Кыргызстанда күчү 5 балл болгон жер титиреди

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 14-октябрь күнү саат 22:30де эпицентрде 5 балл болгон жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркасында – Сары-Булак айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышты, Салам-Алик айылынан 43 чакырым чыгышты, Өзгөн шаарынан 70 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Сары-Булак айылында 4 балл, Салам-Алик айылында 3,5 балл болгон.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД