Мигранттардын балдарына Санкт-Петербургдун ыктыярчылары орус тилин үйрөтөт

"Вконтакте" ресурсунун колдонуучулары Кыргызстандын жана Азиядагы башка мамлекеттин мигранттарынын балдарына бекер орус тилин үйрөтүүчү курс уюштурушту.

Өспүрүмдөргө диплому бар педагогдор эмес, ыктыярчы-каалоочулар сабак беришет.

Эске салсак, түндүк Орусиянын борбору болгон Санкт-Петербург шаарында "Петербургдун балдары" ("Дети Петербурга") аттуу ыктыярчылардын долбоору башталды. Анын максаты гастарбайтерлердин балдарына орус тилин үйрөтүү. Учурда төрт үйрөтүүчү жай иштеп атат. Жакын арада дагы эки жайды ачуу пландалууда. Бул болбоор жалаң гана ыктыярчылардын демилгеси менен ишке ашып, мамлекет тарабынан каржылоо жок.

"Башкысы балдар менен иштөөдө – сүйүү, чыдамкайлык, көңүл буруу жана алар менен тил табыша билүү маанилүү", - дейт "Петербургдун балдары" долбоорунун ыктыярчысы Ирина Беляева.

Айтмакчы, кыргызстандык эмгек мигранттардын балдарына орус тилин Москвадагы №1429 билим берүү борборунда да үйрөтүшөт. Алар орус тилин Эквадор, Вьетнам, Канада, Тажикстан, Азербайжан жана башка мамлекеттен келген мигранттардын балдары менен чогуу үйрөнүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД