Мамкомиссия "Кумтөр" боюнча отчеттун мөөнөтүн кайтадан узартты

"Кумтөр Оперейтинг компания" ЖАКынын ишмердигин текшерүүгө алган мамлекеттик комиссия ишканын ишмердиги жөнүндөгү отчетту жарыялоонун мөөнөтүн кайтадан узартты. Бул тууралуу мамкомиссия катчылыгынын жетекчиси Курманбек Молдокулов "ВБ"га билдирди.

Мамлекеттик комиссия өкмөт отчет менен ноябрдын башында тааныша алат деп ишендирүүдө. Алынган маалыматтарга ылайык, адистердин ишинин жыйынтыгы парламентке 20-ноябрга чейин тааныштырылат.

Молдокуловдун айтымында отчетту тааныштыруу мөөнөтүн узартуу чечими мамкомиссиянын акыркы жыйынында кабыл алынган.

Буга чейин өкмөткө отчетту тааныштыруу мөөнөтү 1нен 20-октябрга чейин деп белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД