Кыргызстандын жаш самбисттери дүйнөлүк чемпионатта үч медаль утуп алышты

Кыргызстандын самбисттери София шаарында (Болгария) өтүп аткан өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта үч медаль утуп алышты.

Мелдештин расмий сайтында жазылгандай, "юниорлор" категориясында Жамалбек Асылбек уулу күмүш байгеге татыган. Ал эми кыздар арасында коло медалга Анара Жумалы кызы ээ болгон.

"Өспүрүм балдар" категориясы боюнча коло медалды Нурсултан Артыкбай уулу утуп алган. Аталган чемпионатка Кыргызстандан 8 самбист барган.

Эске салсак, Нурсултан Артыкбай уулу 2011-жылкы Азия чемпиону. Ошондой эле Жамалбек Асылбек уулу Азия чемпионатында байгеге татыган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД