Кенжебек Бокоев: Муса Төлөгөнов жалган көрсөтмө берген

"Депутаттын баласы Муса Төлөгөнов 2010-жылдын 7-8-апрелиндеги талап-тоноо фактыларын иликтөө боюнча комиссиянын жыйынында билип туруп 100 пайыз жалган көрсөтмө берген". Бул тууралуу "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, 12-октябрда депутат Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөновду иликтөө комиссиясы жыйынына чакырган. Ал атасын апрель окуялары маалында жандап жүргөн. Муса Төлөгөнов ал атасы менен эки гана объекте болгонун жана атасын коргоо үчүн барганын айткан. Муса Төлөгөнов талап-тоноого тийиштиги бар деп шектелип аткан Абдулла Юсупов жана анын аялы Рано Жоробаева менен тааныш эместигин айткан.

Бокоев Муса Төлөгөнов комиссиянын жыйынында калп айтты деп эсептейт. "ИИМ жетекчиси Төлөгөнов менен Юсуповдун ортосунда сүйлөөшүүлөр болгонун айтты. Экөөнүн сүйлөшүүлөрүнүн кагазга чыкканы буга далил, алар ончакты объекте болушкан", - дейт ал.

Бокоевдин айтымында Муса Төлөгөновдун жыйында өзүн алып жүрүүсүнө депутаттар таң калган. "Ал улуу жазуучунун небереси, депутаттын баласы. Ал эч нерсе билбей турганын, бирок ошол эле убакта атасы менен дайым чогуу болгонун жана тонолгон кеңселерге кирбегенин айтат. Ал айдап жүргөн машинанын номерин эстей албаганын, жана машинаасын алган адамдын атын эстей албаганын айтат", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД