Дамира Ниязалиева Кыргызстанда төрөлгөндөр көбөйүп атканын айтты

Кыргызстандагы демографиялык абал төрөлгөндөрдүн көбөйүшү менен мүнөздөлөт. Бул тууралуу "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө" мыйзам долбоорунун парламенттик угуусунда депутат Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында төрөлгөндөрдүн саны 19,7 миңден (2006-жыл) 27,1 миңге (2011-жыл) чейин өскөн.

Ниязалиеванын айтымында репродуктивдүү саламаттыкты сактоо боюнча азыркы мыйзамдагы бир топ беренелер иштебейт. Мисалы, эркектердин репродуктивдүү саламаттыгын жакшыртуу маселесине жетиштүү көңүл бурулбайт. Ошондой эле жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД