Акыйкатчы Максим Бакиевдин кармалышын саясат менен байланыштырды

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин кармалышын саясат менен байланыштырды. "Биз АКШга жана Интерполго кайрылганбыз. Бакиевдин кармалышында саясый роль бар. Авиабаза "Гансинин" бар экенин унутпоо керек. Жөндөн жөн эле мындай кармоолор боло бербейт". Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Ал Бакиевдин кармалышы азыркы бийликтин 2010-жылдагы апрель окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалоодо алсыз эместиги жөнүндө ойлорду таратты дейт. "Биздин жарандар, өзгөчө жабыр тарткан тарап Бакиевдер тийиштүү жазасын алат деп күтүшкөн. Эми ал кармалды, Американын жардамы менен. Бул өлкөдөгү саясый абалга абдан жакшы таасир берет", - дейт Акун.

Эске салсак, 12-октябрда президенттин маалымат кызматы Максим Бакиевдин кармалгандыгы тууралуу маалымат тараткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД