Эртең Ташиевге карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыздыгы тууралуу сот болот

Эртең Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиевге Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз иш козголгондугу боюнча доо арыздын негизинде сот болот. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Ал кылмыш ишин козгоодогу эки нерсеге токтолду. Бириничиси, токтомдо митинг "Ак үйдүн" алдында болду деп турат, экинчиси, кылмыш иши башкы прокурор тарабынан эмес, анын орун басар милдетин аткаруучусу тарабынан козголуп атат дейт.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 3-октябрда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД