Кыргызстанда майып балдардын 25 пайызы гана мектептерде окуйт

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын болгону 25 пайызы гана билим берүү системасына тартылат. Бул тууралуу "Тоскоолдуксуз мектеп" аттуу тегерек столдо "Жаш майыптардын кыймылы" коомдук бирикмесинин төрагасы Мирбек Асангариев билдирди.

Анын айтымында 70-80 пайыз майып балдар билим алышпайт. "Бардык балдарда билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк болушу керек. Андыктан "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзам долбооруна "инклюзивдүү билим берүү" түшүнүгүн киргизүү керек", - дейт ал.

Асангариев ошондой эле мектептин инфраструктурасы жана методикалык каражаттар менен бирге майып балдардын мектепке жетүүсү үчүн транспорт маселесин жана имаратты атайын жабдыктар менен жабдуу керектигин билгеледи.

Коомдук бирикменин төрагасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 20 миң майып бала бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД