Нурлан Темирбаев: Мен издөөдө экенимди билгенде, Тажикстанга кетип калгам

"7-апрелден кийин издөөдө экенимди белген соң, Тажикстанга кетип калгам", - деп апрель окуясы боюнча соттук отурумда Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы төрага орун басары Нурлан Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевди өлкөнүн түштүгүнө алып баргандан кийин Жалал-Абат облусундагы Сузак районунун Барпы айылындагы туугандарына барып, ал жактан ооруканага кайрылган.

"Мага "буту сынган" деп диагноз коюшту. Кийин ЖМКдан мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин Таласта сабалганын жана мен издөөдө экенимди билдим", - дейт Темирбаев.

Ал бардык окуялардан кийин төргөө органына өз ыктыяры менен барууна каалаган, бирок, ден соолугу жакшы болбогондуктан Худжабка (Тажикстан) барып дарыланган.

"Айыккандан соң Кыргызстанга келип, Мамлекеттик улукттук коопсуздук комитетине (МУКК) бардым. Мени башкы прокуратуранын кызматкерлери суракка алып, кийин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен МУККнын убактылуу кармоочу жайына камашты", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД