Активисттери Максим Бакиев үчүн "адилеттүү жаза" кайсыл экенин айтышты

"Эгер Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербесе, АКШ бийлиги аны өмүр бою абакка кесет деп ойлойбуз". Бул тууралуу "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Арстан Сагындыков билдирди.

Ал жакын арада активисттер АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолуга турганын белгиледи. "Жолугушууда биз Бакиевди экстрадициялоо маселесин коебуз", - дейт ал.

Эске салсак, КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей Улуу Британиянын полициясы АКШ менен Кыргызстандын суранымы боюнча Максим Бакиевди кармаган. Учурда аны АКШга экстрадициялоо маселеси каралууда. Ал 7-декабрга чейин кепилдик менен бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД