Садыр Жапаровдун тарапкерлери эртең Түптөн Балыкчыны көздөй жөө жүрүшкө чыгат

Камакка алынган депутат Садыр Жапаровдун Түп районундагы тарапкерлери ачкачылык жарыялашты жана эртең 16-октябрда Балыкчыга жөө жүрүш жасашат. Бул тууралуу Садыр Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында Түп айылында жергиликтүү тургандар эки боз үй жана чатыр тигишти. 28 киши Жапаровду бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялашты. "Учурда 23 киши калды. Врачтар алардын ден соолугун көзөмөлгө алып турушат. Үч жашы улуу адамды ачкачылык кармоо токтотууну сурандык, дагы бирөө ооруканада", - дейт Жумабаев.

Ал бүгүн 15-октябрда жергиликтүү бийлик митинг өткөрүүгө уруксат бербегенин айтты. Андыктан Түптүн жашоочулары эртен жердешин колдоо максатында Балыкчыга чейин жөө жүрүшкө чыгышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД