Түркия Кыргызстанга берилген жеңилдетилген насыяны төлөө процедурасын өзгөрттү

Кыргызстандын тарыхында эң жеңилдетилген кредит берген Түркия аны төлөө процедураларын өзгөрттү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

Анын айтымында төлөө $10 млн өлчөмүндө транш аркылуу ишке ашат. Буга чейин каражат ар бир долбоорго сурам аркылуу өз-өзүнчө бөлүнөрү пландалган.

Байгончоков транштардын берилүү мөөнөтүү алардын Кыргызстанда отурукташуусуна байланыштуу болот дейт.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанга бериле турчу насыя боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү пландалган. Документ түрк тараптын кароосунун кечиктирилгендигине байланыштуу келишимге кол коюлган жок. Документке кол коюу эртеңкиге белгиленүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД