Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен укук коргоочулар айтыша кетти

16-октябрда Бишкек шаардык кеңешке каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин укук коргоочулар Чолпон Жакупова, Динара Ошурахунова жана Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Мамытовдун ортосунда кайым айтышуу болду. Активисттер шайлоого катышуу үчүн "Фрунзе-Бишкек" шайлоочулар тобунун арызын кабыл алууну талап кылышты.

Кайрат Мамытовдун айтымында шайлоочулардын тобу "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамдын 49-беренесине ылайык катыша алышпайт.

Бирок саат бештерде "Фрунзе-Бишкек" шайлоочулар тобунун ишенимдүү адамы арызын бергенге аракет кылды, бирок аны кабыл алышкан жок.

Түнгө карай аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Чолпон Жакуповалар келишти.

Укук коргоочулар жана "Фрунзе-Бишкек" шайлоочулар тобунун ишенимдүү адамы Акылбек Сариев мыйзам боюнча шайлоочулар тобу шайлоого катыша албаса да, АШКынын мүчөлөрү арыз менен документти кабыл алышы керек болчу дейт.

Ал эми Маматовдун айтымында, шайлоочулар тобу алгач шайлоодо байкоочу катары катышуу үчүн арыз берген. Ага ылайык, арыздын формасы да башка болгондуктан АШК Сариевдин арызын кайтарып берген.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова окуянын чөө-жайын кагаз түрүндө жазып берүүнү талап кылып, бирок ал талабы аткарылган жок.

Жакупова болсо "Бакиевдин убагында да" мындай чектөөлөр болбогонун айтып, шайлоого катышуу арызын дайым кабыл алып келгенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД