"Мерседес-Бенц" машинасынын айдоочусу Сокулук районунан жөө адамды сүзүп кетти

Сокулук районунан "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Кайыңдынын тургуну "Мерседес-Бенц 208" үлгүсүндөгү машинаны айдап келатып, Сокулук районунан 44 жаштагы жергиликтүү тургунду сүзүп алган.

Жол кырсыгынан жабыр тарткан жаран аймактык ооруканага жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД