Вице-премьер Кара-Балта нефть кайра иштетүүчү заводунун курулушу менен таанышат

Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышат. Ал бүгүн Кара-Балта жана Кайындыдагы өндүрүш ишканалары менен таанышуу иш сапары учурунда барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн "ВБ"га билдиришти.

Күндүн биринчи жарымында Сарпашев Кайыңды кант заводу жана Кайыңды кабель заводу менен таанышат.

Андан кийин нефтини кайра иштетүүчү "Чайна Петрол" заводуна барат. Анын курулушу China Petrol Company Zhongda, Кара-Балта аффинаждык заводу и Кара-Балта тоо-кен иштетүүчү комбинаты тарабынан курулууда.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү тургундар Кара-Балтада нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушуна караманча карщы болушкан. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 7-августунда аталган аймакка болгон иш сапары учурунда жашоочуларды көчүрүү үчүн нефтини кайра иштетүүчү ишкананын жанындагы үйлөрдүн баасын аныктоо үчүн мамкомиссия түзүлөөрүнө сөз берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД