Каттани "биргелешип КСДПга каршы чыгуу" идеясын сиңирүүдө

Жайкысын жакшылап эс алып алып, күздө "өлбө жаным, өлбө" деп, эптеп кыштан чыгып алып жаз менен кайрадан чуулдап, саясый казанды боркулдатып кайнатмайды өнөкөткө айландырып алган кыргызстандыктар 2012-жылдын күзүн баштан кечирүүдө.

25-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү Кыргызстандын дээрлик бардык чөлкөмдөрүн камтып, жарандардын активдүүлүгүн күчөтүп, өлкөбүздө өзгөчө саясатташуу процесси башталды.

Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор "саясый партиялар арасында катуу тирешүулөрдү жаратып,күчкө салуулар, мыйзам бузуулар нааразычылыктарды пайда кылып, саясый туруктуулуктуу сактоо оңойго турбайт(!)", деп жаткан жагдайда, "жарыгына азгырылып келип, отко күйүп кеткен көпөлөк сымал" өзүнөн-өзү элирип келип, темир торго түшө калган Камчыбек Ташиевдин жоругу отко май бүрккөндөй эле таасир берип, ансыз да кызып бараткан кырдаалды ого бетер күчөтүп салды. Эми "шайлоо-шайлоо" деген хор менен бирге "камактан бошот" деген хитти угууга мажбурбуз.

Ташиевдин камалышы маалымат айдыңында катуу уу-дуу жаратып, абалды курчутуп жатышы, анын өзүнүн жеке керт башына "пиар" болгону менен, "Ата Журт" партиясына тетирисинче кедергиси тийчүдөй болуп турат. Анабашысы "кошелогу" менен кошо капаска түшүп, кара-жандын айласы менен алектенип атканда, "башсыз" калгандары абдырап, шайлоого байланыштуу иш-чаралар аксап, "атажуртчулар" оюндан чыгып калуу коркунучу пайда болгондой. "Жер-жерлерде болбосо да, Бишкек шаардык кеңешине катышпай калуу коркунучу бар" деген пикир үстөмдүк кылып келген.

Борбордогу түштүктүк маанайдагы электораттан чочулап турган бийлик башындагылар деле, "атажуртчулардын" мүдүрүлүшүн каалап, иш-чараларынан, же иш кагаздарынан кичинекей эле мүчүлүштүк болсо марага кошпой коюга даярдай сезилүүдө. "Ата Журт" партиясынын шайлоо процессинен четтеши дагы бир түштүкчүл электоратка ишеним артып турган Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шансын кескин жогорулатаары бышык эле. Ким билет? Балким бийлик башындагылар үчүн аталган эки партиянын атаандашып, добуш талашканы пайдалуурак болот деп, кайтадан "Ата-Журтту" каттого жол бериштиби?

Бирок, серепчилердин айтымында, "жаңы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "атажуртчуларга" бут тосуп, өзүнө жакыныраак "Бүтүн Кыргызстанды" сүрөөнгө алганга кызыкдар" болуп жаткандай. Башынан регионализмге сугарылып өскөн жаңы баш-бакан, бийлигин бекемдөөнү трайбалистик группировкалардын биримдигине таянуу аркылуу гана "чечүүгө болот" деп эсептейби (?), айтор, түштүктүк кландар менен интенсивдүү кызматташа баштаганы байкалууда.

Ушул багыттан алганда Сатыбалдиев жана аны менен ымалалашып жаткан түштүктүн аттуу баштуулары ала-көөдөн Камчыке регионалдык кызыкчылыкты толук кандуу "аркалай албайт" деген пикирге токтолуп, "приоритетти" өзгөртүп жаткандай. Экинчи жагынан, "Өмүрбек Бабановдун шакшактарын тазалап, жылды бүткөрүү менен өзүнүн да жумушу бүтөт, кыска мөөнөткө эле келди, өзү деле аны билет, өзү деле ошого макул, премьер болду деген жазууга жетсе эле болду", делинип келген Жантөрө Сатыбалдиев үчүн түштүктөн калдайган колдоочуларга ээ болуу абдан керек болуп тургандай. Ажоо алдында түштүктү тынчытып, бириктире алган кадырман адам катары ишин көргөзө алса, башбакандык мөөнөтүн узартууга неге болбосун.

Ошентип, шайлоо өнөктүгү кызып барат. Башында, "Бишкек шаардык кеңешине 15тей партия ат салышат", деп айтылып келгени белгилүү. Азыр болсо, шайлоого катышуу үчүн активдүү аракеттенип жаткандар катары КСДП, "Ар-Намыс", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Акшумкар", "Замандаш", "Ата Мекен", "Ата Журт" партияларынын гана аттары чыгууда. Башкалары тууралу сөз аз.

Коомчулук, башкаруучу коалицияга кирген КСДП, "Ар-Намыс", "Ата Мекен" партиялары жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде кандай аракеттерди көрөт? Коалициялык биримдигин жергиликтүү деңгээлде да көрсөтө алабы(?) деген суроо менен окуянын өөрчүшүнө көз салууда. Бирок, башында биримдикти көрсөтүп, эриш-аркак аракеттенишерин айтып, аттанган коалиция мүчөлөрүнүн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо бирдиктүү иш алып бараары күмөн.

Айрыкча "атамекенчилердин" "мародерлук" боюнча ызы-чуусунан кийин алар менен коюн-колтук алыша тургандар дээрлик жокко эсе болуп калды. КСДПнын негиздөөчүсүнүн коалициялык өнөктөшү "Ата Мекендин" "көчүгүн түйүрө" баштаганын байкаган "Ар-Намыс" партиясы деле коалицияга үмүт артпай "өз киндигин өзү кесүүгө" кам ургандай.

"Ар-Намыс" партиясын Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого жетектеп бара жаткан Өмүрбек Суваналиев ("Каттани") эчак бышып жетилген өз алдынча саясатчы экени белгилүү. Андыктан ал Феликс Куловдун айткандарын кылып эле отура бербейт. Азыркы тапта Каттанинин штабы жигердүүлүк менен ишке киришип, шайлоого катыша тургандардын дээрлик көпчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "биргелешип КСДПга каршы чыгуу" идеясын сиңирүүдө.

"Ар-Намысчылардын" чакырыгы да жерде калбай колдоого алынууда. Анткени, бүгүнкү күндө реалдуу бийлик менен административдик ресурсту мыкчып турган КСДПдан гана мандаттарды талашып, тартышып, жулуп албасаң таш балакет жок! Ошондуктан, мындай жагдай, калгандардын баарын биргелешип аракеттенүүгө мажбурлаары турган иш.

Кыскасы бийлик пирамидасынын чокусунда коалиция болуп, биригип бийлик жүргүзүп жатабыз дегендер, төмөн жакта, жерге жакын, элге жакын жерде бириге албастыгын, асмандын башындагы бирикмелеринин жөн эле бир булут сыяктуу элес, "иллюзия" экенин, иш жүзүндө ар кимиси "өз көмөчүнө күл тартаарын" ачыктады десек жаңылбайбыз! Б.а. азыркы коалиция биримдигин чыңдай турган бекем идеясы жок, күнүмдүк кызыкчылыктардын негизинде түзүлгөн, кичине жел болсо ыдырап, эшилип түшө турган эле бир, келечексиз аморфтуу кошулма экени чын.

Андыктан, "мародерлук боюнча кылмыш ишинин өнүгүшү, шаардык кеңештин шайлоосундагы атаандашуудагы чыканактардын кагышуусу, ж.б.у.с. ички келишпестиктердин натыйжасында башкаруучу коалиция жаңы жылга жетпей чарчап калышы мүмкүн" дегендер да жок эмес.

Кырдаал дал ушул багытта өнүгө турган болсо, ансыз да, кайра-кайра, ар түрлүү коалиция куруудан майнап чыкпаганына көздөрү жете баштаган саясатчылар не дешет? "Кайра кайра эле коалиция кураган сайын "ара тууган" Жогорку Кеңештин эмне кереги бар?" деп, жаңы парламенттик шайлоо башталып кетпейт (!), деген кепилдик жок да.

Анда эмне, алдыдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жаңы парламенттик шайлоонун -"чоң казаттын"- "арт подготовкасы" болуп калабы?


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД