Кыргызстанда Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт

Аккредитациядан өткөн көз карандысыз агенттиктердин ишмердигин баалоо боюнча Кыргызстанда курамы 15 кишиден турган Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу "Кыргызстандагы окуу жайларда башталгыч жана кесиптик билим берүү жана программалардын пилоттук аккредитациясы" аттуу форум учурунда депутат Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, учурда көз карандысыз аккредитациялоо процедурасын чыңдоо үчүн методологиялык негиз иштелип чыкты. "Учурдагы мамлекеттик аттестациялоо процессеси билим берүүнүн сапатына туура келбейт",- дейт Никитенко. – Жаңы талаптар өзүн өзү өнүктүрүү маселесине болгон мамилени толук өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мыйзамдык деңгээлде көз карандысыз аккредитация системасын түзүүгө олуттуу кадамдар жасалды. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого алынды. Ал жерде "аккредитация" түшүнүгү бар".

Депутат ошондой эле Билим берүү министрлиги аккредитациялоо милдетин көз карандысыз аккредитациялоо агенттиктерине бергенде система жаңы кадамдарга жол ача турганын кошумчалады.

"Улуттук аккредитациялык кеңешке Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, профилдик ведомстволор, жарандык сектордон жана бизнес-ассоциацияларынан өкүлдөр кирет", - дейт депутат Никитенко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД