БШК шайлоого катыша турган 23 партиянын тизмесин калтырды (тизме)

Өзүнүн ишенимдүү адамдарын каттаткан эки саясый партия ("Ыйман нуру" адилеттүүлүк жана өнүгүү саясый партиясы жана "Асман Ала-Тоо" элдик саясый партиясы) Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн керектүү документтерди алып келген эмес. Андыктан Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы бул партиялардын арызын кабыл алган жок.

Эске салсак, 15-октябрдын саат 24:00го болгон маалыматка ылайык бардыгы болуп 25 арыз кабыл алынган.

"Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык Бишкек шаардык кеңешке боло турчу шайлоого 23 партия өз талапкерлерин көргөздү.

Алар:

1. "Ата Мекен";

2. "Республика";

3. "Мекен Ынтымагы";

4. Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы;

5. "Столица" демократиялык партиясы;

6. "Ата-Журт";

7. "Акшумкар";

8. Кыргызстан жашылдар партиясы;

9. "Тоскоолдуксуз жашоо үчүн";

10. "Замандаш-Современник";

11. Кыргыз Республикасынын транспорчулар партиясы;

12. "Эгемен Кыргызстан";

13. "Единство и развитие";

14. "Союз. Свобода. Справедливость. Родина";

15. "Ар-Намыс";

16. "Адилетүү Кыргызстан";

17. "Бүтүн Кыргызстан";

18. "Эркин Эл" кайра жаралуу партиясы;

19. Кыргызстан Социал-демократилык партиясы;

20. "Патриоты Кыргызстана";

21. "Кайран Эл";

22. Кыргызстандын элдик республикалык партиясы;

23. "Ак-Санат" өзүн башкаруу элдик партиясы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД