Токтайым Үмөталиева: Сотторду тандоо конкурсунун 3-турунан ким өтөөрү чечилген

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Жогорку соттун Конституциялык палатасына кимдер өтүшү керектиги жазылган тизмени көргөнүн "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Укук коргоочу кеңештин кайсыл мүчөсү кимге добуш берери чечилгенин белгиледи.

Анын айтымында тизмеде убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун аты да бар.

Эске салсак, бүгүн Жогорку соттун Конституциялык палатасына талапкерлерди тандоо боюнча үчүнчү тур башталды.

Экинчи турдун жыйынтыгы менен добуш берүүгө 25 талапкер өткөн.

Үчүнчү турга өткөн талапкерлердин алган баллдары:

1. Мукамбет Касымалиев - 58,04;

2. Эркинбек Мамыров - 57,63;

3. Жылдызбек Кудаяров - 57,52;

4. Чинара Айдарбекова - 56,34;

5. Нурлан Садыков - 52,36;

6. Джумадыл Макешов - 52,33;

7. Доктурбек Осмонов - 52,16;

8. Бактыгул Сулайманова - 52,07;

9. Макен Турдугулов - 52,03;

10. Жениш Саргалдакова - 51,84;

11. Меергул Бобукеева - 51,47;

12. Карыбек Дуйшеев - 51,45;

13. Таалайбек Саатов - 51,13;

14. Жедигер Саалаев - 51,03;

15. Азимбек Бекназаров - 50,86;

16. Ранахан Сабирова - 50,76;

17. Курманбек Иманалиев - 49,97;

18. Жанышбек Саяков - 49,37;

19. Айсалкын Нарынбекова - 47,48;

20. Жорокул Куватов - 45,95;

21. Токтогул Чекеев - 45,17;

22. Шералы Жакыпбаев - 45,51;

23. Садырбек Субанкулов - 43,52;

24. Осмоналы Наркулов - 42,62;

25. Куручбек Эсеналиев - 35,86.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД