Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча кээ машыктыруучулар кайтадан шайланат

Кыргызстанда спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча кээ бир машыктыруучулар кайтадан шайланат. Бул тууралуу уюштуруу, укук жана кадр кызматы бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Бопушева билдирди.

Анын айтымында, шайлоо эки этап менен өтөт. Биринчиден спорттун олимпиадалык түрү боюнча федерациялар үч талапкерди тандап мамагенттикке сунуштайт. "Кийин коллегиянын жыйынында башкы тренерлер тандалат", - дейт ал.

Курама команданын машыктыруучулары спорттун түрү боюнча программасын тааныштырып, кийинки олимпиадалык оюндарда кандай орундарды алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин да айтып берүүсү керек.

"Бул кимдир бирөөнү ордунан алуу максатында жасалып аткан жок. Чыныгы планы бар машыктыруучуларды тандоо", - дейт ал.

Мамагенттиктин кезектеги коллегиялык жыйыны 26-октябрга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД