ТИМ Максим Бакиевдин бошотулганын расмий тастыктады

Кыргызстандагы Улуу Британия элчилигинин расмий маалыматына караганда британ соту тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевди күрөө кепилдиги менен бошоткон. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Гүлжигит Кадырбеков билдирди.

ТИМдин маалыматына ылайык, күрөө кепилдиги менен бошотулду деген күн сайын полициядан каттоодон өтүп турат дегенди түшүндүрөт.

Кадырбеков учурда кыргыз тарап британ жана америка тарап менен Максим Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

ТИМден Бакиевдин кармалышы тууралуу кошумча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, 12-октябрда КР президентинин расмий сайтында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев Улуу Британияда кармалгандыгы тууралуу маалымдалган.13-октябрда өздүк булактар "ВБ"га Максим Бакиевдин бошотулгандыгы тууралуу билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД