Кыргызстан Бакиевди экстрадициялоо үчүн келишимдерди түзгөнгө аракет кылат

Кыргызстан мурдагы президенттин баласы Максим Бакиевди экстрадициялоо үчүн АКШ жана Улуу Британия менен тийиштүү келишимдерди түзгөнгө аракет кылат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков брифингде билдирди.

ТИМ кошумча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, 12-октябрда Кыргызстан президентинин расмий сайтында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев Улуу Британияда кармалгандыгы тууралуу маалымдалган.13-октябрда өздүк булактар "ВБ"га Максим Бакиевдин бошотулгандыгы тууралуу билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД