Роза Отунбаева үчүн катчылык түзүү сунушталууда

Экс-президент Роза Отунбаева үчүн катчылык түзүү сунушталууда. Бул тууралуу "Республика" фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева парламенттин социалдык-саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында мурдагы мамлекеттик жетекчилер Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиевдин пенсиясын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору талкууланган.

Кадыралиева экс-президент үчүн берилчү пенсияны Аскар Акаев да алууда деген чынбы деп кызыкты.

"Пенсияны бир гана Роза Отунбаева алат. Ага чейинки мамлекет башчыларынын андай статусу жок", - дейт Соцфондун жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев.

Ошондой эле Кадыралиева Отунбаева ардактуу эс алууга чыкканына карабай ишмердигин активдүү жүргүзүп атканын белгиледи.

"Мен ал менен бир канча жолу бирге болдум жана дүйнөлүк аренада ал кандай кадыр баркка ээ экенин көрдүм. Ал Кыргызстандан аброюн көтөрүү үчүн чоң салым кошууда. Биз ага машина, коопсуздук кызматын бердик, бирок катчылык берген жокпуз. Бир жакка болгон сапары учурунда ал бардыгын өз колу менен жазарын көрдүм. Мен ага катчылык керек деп эсептейм. Анткени ал бардыгын мамлекет үчүн жасап, активдүү ишмердигин жүргүзүүдө", - дейт депутат.

Абулгазиев мындай демилгелер Соцфондун ишине кирбей турганын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД