Соттолуучу: Курманбек Бакиев өзгөчө абал киргизүүгө камынган

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев өзгөчө абал киргизүүгө камынган. Бул тууралуу 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча соттук отурумда президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов президентке митингчилер арасында каза болгондор бар экенин жана өлкөгө өзгөчө абал киргизүү керектиги тууралуу айткан. Андан соң Үсөнов телеге чыгып, Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилгенин кабарламак.

"Бирок күзөт кызматы президенттин "Ак үйдөн" чыгып кетүүсүнө уруксат берген эмес, себеби митингчилер көп болгондуктан аны чыгып баратканда сабап салмак. Ушуга байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал киргизилген эмес", - дейт Жороев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД