"Ак үйдүн" алдында камалган депутаттарды коргоо боюнча кайтадан митинг өтүүдө

"Ак үйдүн" алдында камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду коргоо боюнча кайтадан митинг өтүүдө.

Жогорку Кеңеш имаратынын алдында 20га жакын киши турат.

Эске салсак, 3-октябрда "Кумтөрдү" улутташтыруу талабы менен миңден ашык киши митингге чыккан. Анын демилгечиси депутат Садыр Жапаров болгон. Алар чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экендиктерин айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД