Бишкекте паспортторду өздүктөштүрүү боюнча мамлекеттик борбор ишин баштады

Бүгүн жарандардын паспортторун өздүктөштүрүү боюнча "Инфоком" мамлекеттик ишканасына караштуу мамлекеттик борбор өз ишин баштады.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев борбордун ачылышында бир нече кишиге ID-карталарын тапшырды.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип атып, аталган борборду ачууда эң оору чечим кабыл алуу болгонун айтты.

"Учурда өздүктөштүрүү боюнча мамлекеттик борбордо ID-карт алуу үчүн 40 миң арыз турат. Биз өздүктөштүрүүнү үч жумада аткарабыз деп пландап атабыз. Эч кандай паспорт тартыштыгы болбойт", - дейт ал.

Ошондой эле Сатыбалдиев келечекте бардык документтерди жасоону мамлекет өзүнө алуу милдети турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД