Шаардык кеңеш шайлоосуна катышчу партия тизмесине "Асман Ала-Тоо" кайтадан кирди

"Асман Ала-Тоо" элдик саясый партиясын Бишкек шаардык кеңешке болчу шайлоодон четтетти деген маалыматты төгүнгө чыгарышты. Бул тууралуу партия тараткан билдирүүдө айтылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2016-жылдын 16-октябрында расмий сайтына аталган партия Бишкек шаардык кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмесин алып келбегендиги тууралуу маалымдаган.

Партиянын билдирүүсүнө ылайык, алар мыйзам боюнча белгиленген мөөнөттө талапкерлердин тизмесин беришкен. Аны Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген №16 справка тактап турат.

Оңдолгон билдирүү БШКнын сайтына да жарыяланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД