Кирилл Исмаилов: Паспортту өздүктөштүрүү наркы болжол менен 28 пайызга арзандады

Паспортторду өздүктөштүрүү наркы болжол менен 28 пайызга арзандады. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик мекемесинин (ММ) директору Кирилл Исмаилов калкы өздүктөштүрүү Мамлекеттик борбордун ачылышында билдирди.

Анын айтымында, паспортторду өздүктөштүрүү мурдагы калыбында иштейт. Азырынча "Инфоком" ММ Кыргызстан жарандарынын паспортунун наркын арзандатуунун үстүндө иштеп атат.

"Биз документтерди ыкчам өздүктөштүрүү наркын арзандаттык, анын наркы болжол менен 28 пайызга төмөндөдү. Демек, ыкчам түрдө паспорт алгысы келген жарандар эми аны арзан ала алат", - дейт ал.

Исмаиловдун айтымында жарым жылдан кийин "Интел Линкс" ЖЧКнын чет жакка чыгуу үчүн паспортторду даярдоо келишими аяктайт. Өкмөттүн колдоосу менен паспортторду даярдоо толугу менен "Инфоком" ММга өтөт.

Ал ошондой эле Баткан, Жалал-Абат жана Ош облусунда паспорт алуу мөөнөтүн кыскартуу пландалып атканын кошумчалады.

"Мамлекеттик борборду ачкандан кийин өлкө боюнча 50 калкты тейлөөчү борбор ачылат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД