Максим Бакиев Улуу Британиядан саясый качкын статусун алды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим кармалганга чейин бир канча күн мурда саясый качкын статусун алган. Бул тууралуу иш менен тааныш болгон британдык юристтер "ВБ"га билдирди.

Улуу Британия бийлиги Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча укуктук карама- каршылыктан качышты. Ошондой эле АКШ бийлиги да аны экстрадициялоого аракет кылууда. Максимге ал жакта да кылмыш иши ачылган.

Эске салсак, 12-октябрда Лондон полициясы Максим Бакиевди АКШ жана Кыргызстан тарабынан жиберилген сурам менен таанышуу үчүн чакырган. Максим Бакиев Улуу Британияда 2010-жылдан бери жүрөт. Полиция участкасында ал Кыргызстанга экстрадициялоодон коргой турчу британ ID-картасы бар экенин көргөзгөн. Америка тараптын сурамы боюнча сот жыйынынан кийин Максим Бакиев 250 миң фунт стерлинг күрөө менен АКШ тараптын экстрадициялоо боюнча кийинки сурамына чейин кое берилген. Соттук угуу ушул жылдын 7-декабрына белгиленген.

Ал эми КР президент аппараты, ТИМ, КРнын дипөкүлчүлүгү Максим Бакиевге саясый качкын статусу берилгендиги жөнүндө маалыматы жок экендигин аталган мекеменин өкүлдөрү "ВБ"га билдирди. Андыктан Кыргызстандын расмий бийлиги Максим Бакиевди экстрадициялоого жетишебиз деген ойдо. КР ТИМи жада калса Бакиевди экстрадициялоо үчүн АКШ жана Улуу Британия менен келишим түзгөнгө аракет кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД