Айтматова: Ниязалиеванын кызматтык абалынан пайдаланганы боюнча маалымат бар

"Жогорку Кеңештеги социалдык коргоо жана саламаттык сактоо комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кызынын "Фарм Трейд" ЖЧК фармакологиялык компаниясынын кызыкчылыгын таңуулап аткандыгы жөнүндө маалымат бар. Мендеги маалыматтар боюнча эки ай ичинде мамлекеттик медициналык мекемелер бул компаниядан 9 млн сомго дары сатып алган", - деп 16-октябрда Жогорку Кеңеш депутаты Ширин Айтматова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында көпчүлүк ооруканалар аталган ЖКЧдан дарыларды сатып алат.

"Ал үчүн ушул гана компаниянын кызыкчылыгын коргоп, жетекчилик кылуу канчалык керек? Саламаттыкты сактоо министри менен болгон жакшы мамилеси кызматтык абалынан пайдалануу боюнча тынчсыздануу жаратпайбы?", -дейт депутат.

Ал ошондой эле Антимонополиялык комитет бул маалыматты текшериши керектигин белгиледи.

"Жарандар менен бейөкмөт уюмдар социалдык коргоо комитетинде маанилүү социалдык маселелер каралбай атат деп арызданышууда. Мисалы, эларалык деңгээлдеги чырга айланган балдарды асырап алуу маселеси", - дейт ал.

Эске салсак, "Фарм Трейд" ЖЧКсы Ниязалиеванын кызы Айгүл Токомбаевага 2010-жылдын октябрында кайтадан катталган. Ниязалиева Жогорку Кеңештин депутаты болуп, ушул эле жылдын ноябрында комитет төрайымы болуп шайланган. Эки жыл ичинде компания 11 млн 124 миң 832 сомду салык түрүндө төлөгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД