Ташиевдин адвокаты башпрокурорго арызданды

МУККнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин адвокаты Акин Токталиев башкы прокурор Аида Саляновага башкы көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Салиев жана тергөө тобунун башчысы Жылдызбек Исмаилов боюнча арызданып кайрылды. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу өзү "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, ал Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси Исмаиловдун мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылган жана "Жактоочунун профессионалдык ишине тоскоол болуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Ал ошондой эле 11-октябрда Исмаиловго Ташиевге кирүү боюнча арыз менен кайрылганын кошумчалады. Бирок, прокурор башкармалыктык жетекчиси Жаныбек Салиев менен кеңешиши керектигин айтып, буга чейин адвокат Салиевдин криминалга тийиштиги бардыгы тууралуу маалыматты ЖМКга чыгарып ийгенин айткан.

Ушундай кийин Исмаилов ага моралдык-психологиялык басым жасай баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД