17-октябрдан баштап аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу гидрометеорология боюнча агенттиктин болжолунда 17-октябрдан баштап аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Жаан жаап, 18-октябрда тоолуу райондордо карга айланат, тоо этектеринде жана тоолорго кар түшөт. 18-19-октябрда абанын температурасы күндүзү, өрөөндөрдө +1...+6 градуска чейин төмөндөйт. 19-октябрда абанын температурасы түнкүсүн өрөөндөрдө 0…-5 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай аба-ырайы айыл чарба, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД