Депутаттардын жактоочулары журналисттин фотоаппаратын тартып алууга аракеттенди

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму болот. Саат 10.00гө депутаттардын келүүсү пландалган.

Бирок, таң эрте сот имаратынын айланасы укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана иттер менен курчалган. Депутаттардын 30га жакын тарапкери милиция кызматкерлери менен кыйкырышып сүйлөшүүдө.

"ВБ"нын журналисти аларды тартууга аракет кылганда, алар анын фотоаппаратын тартып алууга аракет кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД