Элмурза Сатыбалдиев: 7-апрелде Убактылуу өкмөт отставкамды кабыл алган эмес

"2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу өкмөт отставкамды кабыл алган эмес", -деп президенттин коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби боюнча мурдагы кеңешичиси Элмурза Сатыбалдиев апрель окуясы боюнча соттук отурумда билдирди.

Анын айтымында, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө ал керек болгондуктан жана ага карата эч кандай доосу жок болгондуктан аны кеңешчилик кызматтан бошоткон эмес.

Ошондой эле Сатыбалдиев анын отставкасын кабыл албаган соң 7-апрелден 8не караган түнү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө телефон номерин калтырып, "Ак үйдөн" Темир Сариевдин коштоосунда чыгып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД