Жогорку Кеңештеги комитет башчыларынан отчет талап кылышты

"Жогорку Кеңештеги комитет башчылары отчет бериши керек", - деп Жогорку Кеңеш жыйынында оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, комитет башчыларынын отчетунан кийин гана парламенттин жаңы курамын кароо керек болчу. Себеби, отчеттон кийин кайсыл комитет салыштырмалуу эффективдүү экендиги билинмек. "Эгер комитет төрагалары алмашкан болсо, аны бөлүм башчылар да тааныштырса болот. Ошондо гана кайсыл комитетке кандай оорчулук келип атканы дааны көрүнмөк. Буларды эске алып комитеттердин санын кыскартып, бөлүмдөгү кызматкерлерди кыскартуу же көбөйтүү керектиги билинмек", - дейт Шайназаров.

Ал ошондой эле бир да комитет башчысы өз иши тууралуу отчет бербегенин айтат. Кээ бир комитеттерге аз кайрылгандыктан алардын иши аз болуп, бир айда бир жолу чогула тургандыктарын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД