Митингчилер депутаттардын чыгуусун талап кылууда

"Ак үй" алдында митингге чыккан "Ата-Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапкерлери депутаттардын чыгуусун талап кылууда. Митингдин катышуучусу - коомдук ишмер Нурлан Мотуев, камакка алынган депутаттардын аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, -дейт. Ал Жогорку Кеңештеги депутаттардын элге чыгып, алардын суроолоруна жооп берүүнү талап кылды.

Нааразычылык акциясына чогулгандар Мотуевди колдоп "Чыккыла" деп кыйкырышты. Ушул эле убакта митингчилердин бири "депутаттарда уят жок, алар эркек эмес" деп кыйкырды.

Эске салсак, бүгүн аталган депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму болду. Соттук угуунун жыйынтыгында депутат Ташиев менен Мамытовду 3-декабрга чейин МУККнын убактылуу кармоочу жайында калтыруу чечимин кабыл алынган. Ал эми Садыр Жапаров өз адвокатынын жардамынан баш тарткандыктан, анын баш коргоо чарасын кароо 22-октябрга жылдырылды. Соттун мындай чечимине нааразы болгон депутаттын тарапкерлери митинг кылуу үчүн "Ак үй" тарапка жөнөшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД