Британиянын элчиси Бакиевге баш калкалоо берилгендигине түшүндүрмө берди

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фарнворт Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге баш калкалоо берилгендиги боюнча маалыматка түшүндүрмө берди.

"Мен жаңылыктардан Бакиевге Британиядан иммиграциялык статус берилгендиги тууралуу маалыматты көрдүм. Бул Кыргызстан коомчулугу үчүн эмнеге жогорку кызыгууну жаратып атканын түшүнөм. Британияда коюлган принциптерге ылайык, биз жеке тарапка баш калкалоо берилгенине эч кандай түшүндүрмө бере албайбыз. Андыктан бул боюнча мен эч нерсе айта албайм. Бирок, британ принциптери боюнча жеке тарапка Улуу Британиядан баш паанек берилиши анын үчүнчү өлкөгө экстрадиция болушуна жолтоо болбойт", - дейт ал.

Элчи айымдын айтымында, Бакиевге байланышкан иш Улуу Британиянын сот тажрыйбасында көрсөтүлгөн бардык талап боюнча кадимки түрдө өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД