Мотуев Кыргызстандагы митингдерди масондор менен байланыштырды

Атажуртчу Камчыбек Ташиевден аракети ("Ак үйдүн" темир торунан аттап өтүүсү.-vb.kg) бул айласыздан болгон кадам. Мындай билдирүүнү коомдук ишмер Нурлан Мотуев "ВБ"га билдирди.

Ал Ташиевдин жана митингчилердин андай кадамга бийликтегилер Кумтөр кенин улутташтыруу боюнча маселени укбай койгондугунан барышкандыгын айтат.

"Ташиев ушундай жол менен болсо да элдин өз ою бар экенин көргөзүүгө аракет кылган. Анын кадамында кылмыштын белгилери жок. Ташиевди соттоого негиз жок. Бул болгону жалпы өлкөнү канааттанбагындыкка алып келди", - дейт Мотуев.

Андан тышкары ал атажуртчуларды камакка алуунун жана экс-президент Роза Отунбаеванын "масон кайыгында" болгону боюнча байланышы бар экенин айтат. "Мен Отунбаева менен Аскар Акаев (Кыргызстандын биринчи президенти – vb.kg) масон экенин жазгам. Мен митингдер менен масон кайыгы ортосунда түздөн-түз байланышты көрүп атам, анткени алар бардыгын башкарууну каалашат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД