Бишкек мэриясы орусиялык ишкерлерге Кыргызстандын товарларын сунуштайт

Бишкек мэриясы Петербургдун ишкерлерине Кыргызстандын товарларын сунуштайт. Орусиялык ишкерлер Санкт-Петербургдун мэри Георгий Полтавченка менен чогуу эртең 18-октябрда келет. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко "ВБ"га билдирди.

"Санкт-Петербургдагы "Красная нить" компаниясы пахта жана тийиштүү продуктуларды алууга кызыктар. Ошондой эле компания Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккан кийимдерди да алууга кызыгууда. Биз алар үчүн Кыргызстандагы алдыңкы тигүүчү ишкана ээлери менен жолугушуу уюштурабыз", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД