Жогорку Кеңеште кайрадан 13 тармактык комитет түзүлдү

Жогорку Кеңеш жыйынында "Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомго өзгөртүү киргизүү маселеси каралды. Ага ылайык, депутаттык комиссия тарабынан сунушталган Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жаңы түзүмүнүн долбоору талкууланды. Буга чейин парламентте 13 тармактык комитет иш жүргүзүп келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин төрагасы Курмантай Абдиевдин айтымында, комитеттердин түзүмүндө анчалык деле өзгөрүү болгон жок. Депутаттык комиссия мүчөлөрү 14 тармактык комитетти түзүү чечимине келген. Белгилей кетчү нерсе, Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет эки комитетке бөлүнүп, алардын аталыштары өзгөртүлдү.

Депутаттык комиссиянын сунушу бир ай бою талкуулануу менен, ЖК Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетте, парламенттик фракцияларда жана "Ырыс алды-ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалициясында каралып, колдоого ээ болгон.

Талкуу жүрүшүндө депутат Исмаил Исаков баштаган бир катар депутаттар Мыйзамдуулук жана коррупция менен каршы аркеттенүү боюнча комитетти жаңы түзүмгө киргизбей эле коюу тууралуу пикирлерин айтты. Алар коррупция кылмыштын бир гана түрү экендигин, аны башка кылмыш түрлөрүнөн өз алдынча бөлүп кароо мүмкүн эместигин жүйө келтирет.

Ал эми депутат Абдырахман Маматалиев айтымында жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин агрардык маселелерге аралаштырууга болбойт. Анткени, ал таптакыр башка тармак, агрардык маселелерге караганда мамлекеттик түзүлүш маселелерине кыйла жакындашып кетет.

Добуш берүү жыйынтыгында Мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы аркеттенүү боюнча комитетин түзүү демилгеси колдоо тапкан жок. Анын иш-милдети Укук тартиби, мыйзамдуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетке жүктөлмөкчү. Жогорку Кеңештин түзүмүндө 13 тармактык комитет болот. Алар төмөнкүлөр:

1. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдууулук, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет.

2. Этика жана регламент боюнча комитет.

3. Сот-укуктук маселеси боюнча комитет.

4. Эл аралык маселелер боюнча комитет.

5. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет.

6. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет.

7. Социалдык саясат боюнча комитет.

8. Отун-энергетикалык комплекс жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитет.

9. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет.

10. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет.

11. Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет.

12. Бюджет жана каржы боюнча комитет.

13. Укук тартиби, мыйзамдуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД